Жаңыртылган WhatsApp мессенджеринде адресатка жиберилген жана окулган каттарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду, деп кабарлайт iguides.ru сайты.
Мындай функция бир нече ай бою сервистин бета-версияларында сынактан өткөрүлгөн. Жаңы функциянын жардамы менен кабыл алуучуга жиберилген каттарды өчүрүп таштоого болот: кат сиздин мессенджериңизден гана эмес, катты алган колдонуучунун(же топтогу баардык колдонуучулардан) түзмөгүнөн да жоюлат.
Ошентсе да, айта кетүүчү нерсе, катты башка түзмөктөрдөн жиберилгенден кийин жети мүнөт ичинде өчүрүп үлгүрүү керек.
“Адресаттын баардык түзмөктөн катты өчүрүү үчүн аларды диалогдон тандап, экрандын жогор жагындагы себет белгисин басуу керек. Кийин “катты бир гана сиздин диалогуңуздан же баардык колдонуучулар үчүн өчүрүү”деп жазылган терезе чыгат. Кат жоюлган учурда адресаттын телефонунда “бул кат өчүрүлдү”деген жазуу чыгат”,-деп кабарлайт iguides.ru.
Комментариев нет:
Отправить комментарий