Кыргызда беделдүү жигиттерибиз абдан көп. Алдына койгон максаттары менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырып, жөн эле кыдырбастан билим алып, андан тажрыйба топтоп, алган билимин Кыргызстандын келечеги үчүн жумшоого аракет кылып жүргөн жаштардын бири – Азат Усубакунов. “Асыл таштан, акыл жаштан” демекчи, бул жигит өзү тууралуу айтып берип, көргөн билгендери, максаттары, Кыргызстандын келечеги жөнүндө оюн ортого салды.
Азат тууралуу...
Азат Бишкек шаарында туулуп өскөн. Дилгир бала болгондуктан мектепти артыкчылык менен аяктаган. Бир катар окуу жайлардын ичинен КРнын президентинин астындагы башкаруу академиясын тандап, экономика жаатында билим алган. Кезегинде ар кандай коомдук иш-чараларга катышып, эл аралык конференция, семинарларда өз позициясын активдүү билдирип келген. Окууну аяктаган соң, алган билимин тереңдетүү максатында атайын долбоорго катышып, анын негизинде учурда Прага шаарында финансы тармагы боюнча билим алып жатат. Спорттун футбол, баскетбол түрлөрүнө кызыгат.
-Азат, учурда чет өлкөдө билим алып жатыптырсың. Ал жакка өзүң барып окуп калдыңбы?
-Биз окуган Кыргызстандагы академиянын билим берүү системасы аябай жакшы эле. Студенттер арасында билим деңгээли боюнча ачык конкуренция жүрчү. Башкача айтканда, жең ичинен ар кандай иштерди бүтүрүүгө мүмкүн эмес болчу. Ал жактан окууну аяктагандан кийин, окуу жайда өткөрүлгөн атайын долбоордун негизинде сынак уюштурулуп, алган билимимди тереңдетүү максатында ал сынакка катышып, анын негизинде Прага шаарында билимимди улантып жатам.
-Чет өлкөдө Кыргызстан тууралуу кандай ойдо?
-Мен бул жактын элине, чогуу окуган досторума Кыргызстан тууралуу сыймыктануу менен айтып берем. Өзүм шаарда туулуп өссөм да, жайкы эс алууларды Нарындын жайлоолорунда өткөрдүм. Бул жактагыларга сүрөттөрүмдү көрсөтсөм, жаратылышыбыздын кооздугуна, тазалыгына абдан кызыгышат. Анан да жеген тамак-ашыбыз табигый болгондугу да суктандырат. А биз колдо бар байлыкты баалай, колдоно билишибиз керек.
-Учурунда сен сыяктуу эле чет өлкөдөн көптөгөн улан-кыздар атайын мамлекеттик программалардын негизинде билим алышкан. Алар кайра келип Кыргызстан үчүн иштейт деген үмүт бар болчу. А бирок, аларды азыр мамлекеттик кызматтардан байкоого мүмкүн эмес. Бул боюнча кандай дейсиң?
-Мага берилген чет өлкөдөн билим алуу мүмкүнчүлүгүн карыз катары түшүнөм. А карызды убакты-сааты чыкканда кайтаруу керек, туурабы? Мен бир эле муну менен токтоп калбайм. Анткени азыр изденүүнүн үстүндөмүн. Бул окууну аяктагандан кийин, илимге кызыккандыктан, андан ары дагы улантсамбы деген оюм бар. Демек, мен бул жактан эмнени үйрөнсөм, эмнени көрүп-билген болсом, топтогон тажрыйбамдын баарын келечекте Кыргызстандын жакшыруусу үчүн колдоном.
-Мекенден чет жака чыккан кезде гана, сырттан караган адамга Кыргызстандын кадыр-баркы, артыкчылыгы менен кошо кемчилдиги байкалат эмеспи. Ал эми сенин эмнелерди байкай алдың?
-Биздин өлкө кооз. Табияты таза, аны менен кошо жеген азык-түлүктөрүбүз да таза. А бул жакта болсо ошонун баары жокко эсе, болсо да, табигый деп баасы жогору болот. Аны менен катар, албетте, бир нече кемчилдиктер бар. Чет жакта жүргөндө, ошол өлкөнүн бийлигинин, мамлекеттик органдарынын, ири компаниялардын иштөө системасын көрүп кызыгасың, салыштырасың. Анан, өзүңдө да өлкөм үчүн деген идеялар пайда болот. Аларды ишке ашырууда эмнеден, кантип баштоо керек деп көп ойлоном.
-Ошондо, сенин оюңда, Кыргызстанды алдыга жылдыруу үчүн ишти эмнеден баштоо керек?
-Биринчиден, бийлик менен элдин ортосундагы аралыкты азайтуу керек. Себеби, эл менен жакын болгон кезде, бир топ мамлекеттик жумуштар артта калып калат. Экинчиден, башкаруу системасын ичинен өзгөртүү керек. Башкача айтканда, бир катар реформаларды жасоо зарыл. Үчүнчүдөн, ошол эле реформаларды экономикада да жасоону талап кылат. Себеби, экономиканы көтөрүүчү долбоорлор, туруктуу иштеген ишканалар, жумуш орундар жок болгон үчүн, учурда кыргыздар чет жактарда жүрүшөт. Кирешеге караганда чыгаша көп.
-Учурда ММКлардан бир катар серепчилер Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке бир дагы көзгө көрүнөрлүк проекттери жок кирип алды деп жатышат. Бул боюнча эмне дээр элең?
-Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү бир эле күндө чечилген эмес. Кыргызстандын алдына койгон максаттары, пландары бар. Болгону ошолорду ишке ашыруу гана керек. Мүмкүнчүлүктөр да учурда абдан көп. Алдыда жасала турган жумуштар чоң жана татаал. Менимче, жер-жерлерде дыйкандар үчүн авто парктарды ачуу зарыл. Айыл-чарбасында эмгектенгендердин ишин колдоп, дыйкандар жана малчылар үчүн жакшы шарттарды түзүү мамлекеттин милдети. Анткени, дал ушул тармактын эсебинен да ЕАЭБте өз ордубузду таба алабыз.
Экинчиден, учурда аймакташтыруу (регионализация) системасы иштеп жатат. Андыктан, коңшу өлкөлөр менен ич ара катышып, алар жөнүндө да көп нерселерди билүүбүз шарт.
-Аны үчүн кандай кадамдарды жасоо керек?
-Мисалы, Таласта өндүрүлгөн төө буурчакты эле алалы. Таластыктар учурда өздөрү казактарга жана башка майда ишканаларга сатып жатышат. А менин оюмча, дыйкандардан өндүрүлгөн төө буурчакты мамлекет, же атайын мамлекеттик ишканалар сатып алып, анан алар башка өлкөлөргө сатса туура болот. Ал үчүн атайын долбоор түзүлүп, дыйкандарга мамлекет тарабынан сунуш түшсө, анда аларда эртеңки күнүнө ишенип, каалаган өлчөмдө өндүрө алат. Ушул эле нерсе жеңил өнөр жайына, базар системасына да тиешелүү.
Негизи, Кыргызстан кедей өлкө деп айткандарга кошулбайм. Кыргызстан – аябай бай өлкө. Ошол байлыкты иштетүүгө кыргыздардын өзүнөн идея чыгыш керек. Мисалы, Казакстан сыяктуу бир нече жылга стратегиялык пландарды түзүү керек. Азыр мамлекет 2017-жылга чейинки түзүлгөн стратегиялык план боюнча иш алып барууда. Бул өтө аз убакытка түзүлгөн. Бизде да 2030-2050 -жылдарга чейин жасала турган иштер боюнча стратегиялык пландар болсо, абдан жакшы болмок.
-Аябай жакшы ойлоруң, максаттарың бар экен. Эгер сен Кыргызстанга келип иштечү болсоң, бул жактын шартына көнө аласыңбы? Же жогоруда сөз болгондой кайра көнүп калган өлкөгө кетип каласыңбы? Себеби, бизде мамлекеттик ишканаларда айлык акы төмөн, жумушка кирүү үчүн тааныш-билиш, туугандардын колдоосу керек дегендей...
-Менин ички идеологиям – келечекте Кыргызстан үчүн кызмат кылуу, иштеп берүү. Канда кыйынчылыктар болбосун, алардын баарына даярмын. Акчасы аз болсо мейли. Азыр технология өнүккөн заман. Интернет деген бар. Кошумча каражат табуу үчүн аны менен иштесе болот. Бюджеттик жумуш менен чогуу, акча жагынан кыйналбаш үчүн, кошумча ишкерлик менен да алектенсе болот. Кыскасы, акча табуу жагынан кыйналбайм деп ойлойм. Болгону өзүмдүн максаттарымды ишке ашыруу үчүн бир гана алга жана да алга жүрүп отурмакчымын.
Ал эми чет жактарга кайра кетип калгандар боюнча айтсам, балким үй-бүлөсүн багуу максатында кетишкендир...
-Алдыга койгон максаттарың жөнүндө айтып берсең?
-Максаттарым көп. Бирок, ал максаттарды айта албайм. Сууну көп кечсе, көлчүк болот, сөздү көп сүйлөсө сөлтүк болот деген сөз бар эмеспи. Андыктан, максаттарымды, пландарымды мен сөзүм менен эмес, ишим менен көрсөткүм келет. Көп айтылган сөз ушак боюнча калат. Алдыда жасай турган ишим ачык, таза болоруна ишенем. Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн салым кошуп, тарыхында калгым келет. Жана өзүмдүн максаттарыма келечекте бүтүндөй кыргыз элин ишендиргим келет.
-Азат, кызыктуу маек куруп бергениң үчүн рахмат. Окууларыңа ийгилик каалайм. Максаттарыңдын орундалышын чыдамсыздык менен күтөбүз.
Комментариев нет:
Отправить комментарий