05.01.2018

Адамдар согушка караганда бузулган экологиядан көбүрөөк кырылат



Чылым чегүү, ачкачылык, жаратылыш кырсыктарына караганда бузулган экологиядан көп адам каза табат.


Булганган айлана-чөйрө согушка салыштырмалуу 15 эсе көп адам өмүрүн алат. Бул тууралуу РИА Новости Lancet илимий журналына шилтеме кылып жазып чыкты. 
Маалыматка ылайык, 2015-жылы булганган абанын жана жаратылыштын айынан жер бетинде тогуз миллиондой адам ооруп каза болгон. Бул жер бетинде көз жумгандардын 16 пайызын түзөт.
Окумуштуулар бул көрсөткүч СПИД, кургак учук, безгек ооруларынан каза болгондордон үч эсе жана согушта көз жумгандардан 15 эсе көп экендигин белгиледи.

Ошондой эле изилдөөчүлөр адам өмүрүнө забын болчу зыяндуу көрүнүштөрдүн катарында чылым чегүү, ачкачылык турарын кошумчалады.

Комментариев нет:

Отправить комментарий

Популярные сообщения