06.01.2018

Пенсиясыз калбаш үчүн эмгек мигранты эмне кылуусу керек?

Кыргызстандын ЕАЭбге кирүүсү жакындап калгандыгына байланыштуу, эмгек мигранттарын социалдык коргоо тармагында Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын перспективалары тууралуу Polit.KGге КРнын Соцфондунун эмгек мигранттарын камсыздандыруу социалдык секторунун башчысы Райхан Кенжебаева төмөнкүлөрдү айтып берди.
Бүгүнкү күнү бул мамилелерди жөнгө салуучу документ болуп КМШ мамлекеттери тарабынан 1991-жылы 13-мартта кабыл алынган пенсия менен камсыз кылуу тууралуу келишим саналат. Мындан сырткары 2013-жылы КРнын өкмөтү тарабынан Орусияда иштегендерди пенсия менен камсыз кылуучу чоң программа кабыл алынган. Ошол эле учурда КРнын Социалдык фонду КРнын жана РФнын өкмөттөрү үчүн атайын келишим иштеп чыккан. Башында биз Орусиянын Пенсиялык фонду ал өлкөдө иштеген КРынын жарандары үчүн камсыздандыруучу төлөмдөрүн бизге которуп туруусун сунуштаганбыз. Бирок алар мында баш тартып, анын ордуна каражатты бөлүштүрүүнүн пропорционалдык системин сунуш кылышты. Ага ылайык: ар бир мамлекет өзүнүн иштеген жылдарына жооп берип жана тиешелүү каражаттар камсыздандыруучу төлөм катары эмес, пенсия катары которулат. Мында сумма аз болуп калат, себеби бул жерде кеп иштеген адамдын пенсия курагына жеткени же жетпегининде болот. Өткөн жылдын февраль айында эксперттердин биринчи жолугушуусу болду. Анда Орусия тарап 1992-жылдан кийинки милдеттенмелер боюнча ар бир мамлекет пенсиянын жаран дайым жашай турган жерге которушу керектигин билдирди. Буга байланыштуу азыр биздин алдыбызда Орусияга дайыма жашоо үчүн канча адам кеткендигин билүү тапшырмасы турат. Статистика боюнча 2013-жылга чейин 963миң КРнын жарандары Орусияга жашоо үчүн кеткен. Булардын арасынан балдарды жана пенсия албаган жарандарды алып сала турган болсок, 347 миң адам пенсия курагындагылар экен. Алар үчүн 2,3млрд. сомду биз Орусиянын Пенсия фондуна которушубуз керек. Азырынча бизде бул сумма жок болгондуктан маселе ачык бойдон калууда. Бирок бул сүйлөшүүлөр менен эле биз токтоп калбайбыз. 2014-жыл толугу менен Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө даярдык көрүүгө арналды. 2014-жылдын 29-майындагы “Евразиялык эконосикалык биримдик” тууралуу келишим – өтө чоң документ. Анын 26-бөлүмү эмгек мигранттарынын статусун жана социалдык камсыздандырууну жөнгө салат, бирок пенсия менен камсыз кылуудан сырткары. Себеби Биримдикте учурда мүчө болгон мамлекеттер арасында да пенсия маселесин чечүү тууралуу биргелешкен пикир жок. Бирок азыркы учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында ушул тема боюнча өзүнчө Келишим даярдалууда. Евразиялык экономикалык комиссия өткөн жылдын акырында анын концепциясын бекиткен. Келишим ратификацияланса биз дагы бул документти талкуулоо процессине катышып калабыз деп ойлойм. Себеби биз Биримдикке киргиче сүйлөшүү процесси токтотулган.
Пенсия менен камсыз кылуудагы бирдиктүү системдин түзүлүүсү менен биз Орусияда жана башка ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жашаган биздин жарандарыбыз үчүн пенсия төлөшүбүз керек болот. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге кирсе да кирбесе да Орусия менен тиешелүү келишимди түзүп, бул жоопкерчиликтин баарын баары бир өзүнө алмак.
Биздин өлкөдө пенсия менен камсыз кылууда тилектештик системи иштейт: чогултулган камсыздандыруучу төлөмдөр дароо эле пенсия төлөөгө кетет.
Топтоочу систем менен иштешсек абдан жеңил болмок, бирок бизде азырынча ал систем калктын санынын 2 пайызын гана кучагына алат. Бул систем Казакстанда жакшы өнүккөн. Ал жакта систем 1998-жылдан бери иштеп келет. ЕАЭБдеги өлкөлөр арасындагы пенсиялык системдин айырмачылыгы да оорчулук жаратууда.
Статистикага ылайык, Орусияда иштеген жарым миллион мигранттардын арасынан 32 миңи гана Орусиянын Пенсия фондунда катталган, алардын 28 миңи гана камсыздандыруучу төлөмдөрдү төгүшөт. Орусияда камсыздандыруучу төлөмдөрдү кызматкерлери үчүн иш берүүчү төлөйт. 2012-жылдын башынан баштап төлөм 22 пайызды түзөт.
Тилекке каршы, биздин эмгек мигранттардын көпчүлүгү пенсия тууралуу ойлошпойт дагы. Ал эми биз бул тенденцияны жок кылуу үчүн көп аракеттерди көрүүдөбүз. Мисалы, былтыртан бери Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде бирдиктүү терезе принцибине ылайык Соцфонддун кызматкери иштейт, ал элдерге Соцфондго төлөм төгүү керектигин түшүндүрөт.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасындагы азыркы даярдалып жаткан документке ылайык, социалдык камсыздандыруунун бардык түрлөрү иш берген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Мисалы мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга келип иштей турган болсо анда ал жарандар убактылуу келишкендиктен эч нерсе төлөшпөйт, ал эми иш берген ишкана 3%, төлөшү зарыл. Ал эми Орусиядагы биздин жарандар камсыздандыруунун ар кандай түрүн төлөшү мүмкүн жана төлөм көбүрөөк болот.
Ал эми пенсия менен камсыз кылуу тууралуу айта турган болсок, анда биз ЕАЭБге киргенден кийин пенсия менен камсыз кылуу үчүн макулдашуу процесси жүрөт, жана ал көпкө созулушу ыктымал. Эгерде жогоруда сөз болгон Келишимде пенсия ала турган адамдын иштеген жылдары гана санала турган болсо, анда албетте жеңил болмок. 

Комментариев нет:

Отправить комментарий

Популярные сообщения