05.01.2018

Эмне үчүн чипстерди жегенге болбойт?


Чипстер дүйнөдө саталышы боюнча биринчи орунда турган азыктардардын бири. Бүгүн chabarman.kg сайты чипстерди эмне үчүн жегенге болбойт экени тууралуу 5 маанилүү себеп менен тааныштырат.
1. Өзүнө көз каранды кылып коёт. Принстон университетинин илимий кызматкерлеринин изилдөөлөрү боюнча чипстерди күнүгө жеген тамекиге же спирт ичимдигине болгон сыяктуу көз карандылыкка алып келет.
2. Семиздикке чалдыктырат. Жөнөкөй кутучадагы чипстер 510 килокалорияны түзөт. Ал эми чоңдор үчүн күндүзгү кадимки калория 1800 ккал болсо, балдар үчүн 1200 ккал экендигин эске алсак, чипстердин бир эле кутусу күндүзгү норманын жарымын, ал эми 3-4 кутусу калорияны ашыкча көбөйтүп, семиздикке алып келет. Мындан тышкары, чипстердин курамындагы майлар ар бир адамдын ден соолугуна терс таасир этет. Кээ бир маалыматтар боюнча ал майлар рак оорусун да пайда кылат.
3. Курамында пайдалуу заттар жок. Байкап көрсөңүз, кытырак болгонго чейин куурулган картошканын курамында эч кандай минерал, витамин, кальций, белок менен көмүртек да калбайт. Ошондуктан, чипстердин курамынан биздин организмибиз эч кандай пайдалуу заттарды албайт, болгону көп калорияга гана бай болот.
4. Организмдеги туздун көлөмүн көбөйтөт. Бир куту чипстин курамында 0,7 грамм туз болот. Ал эми адам үчүн туздун бир күндүк өлчөмү 5-6 грамм. Организмде туздүн өлчөмү көбөйгөн учурда сөөктөрдүн өсүүсү менен жүрөктүн иштеши бузулат.
5. Аллергия жаратышы мүмкүн. Кытырак кутунун ичинде көптөгөн боёчу заттар менен даам берүүчү заттар болот. Алардын өз алдынча эч кандай зыяны жок. Болгону ичиндеги картошка тоок, эт, козу карын жана башка даамдарды берип турат. Бирок, өндүрүүчүлөр аларды канчалык деңгээлде кошконуна байланыштуу адамдын организминде аллергия жаралат. Ошондуктан, чипстерди жеген кезде чүчкүрүү сыяктуу аллергиялык белгилер пайда болсо, дароо дары ичип, кийинки жолу кытырак картошкадан оолак болууга аракет кылыңыз.

Комментариев нет:

Отправить комментарий

Популярные сообщения