05.01.2018

Окумуштуулар жубайлардын ажырашуусунун башкы себебин аташты



Мичиган университетинин окумуштуулары көпчүлүк жубайлардын эмне себептен ажырашаарын аныкташты.
Бул тууралуу Phys.org басылмасы кабарлайт.
Окумуштуулардын айтымында, жубайлар “ортодогу кысым” деңгээли ар кандай болгондуктан айрылышат. Башкача айтканда аялдын үй-бүлөлүк жашоодон тез көңүлү калат. Ал эми эркек киши муну байкабай, өзүн бактылуу сезип жүрө бериши мүмкүн.
16 жыл бою 355 түгөйгө байкоо жүргүзүшкөн адистер үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдарында эркек адамдардын аялын жана үй-бүлөсүнүн ички абалын эч кемчиликсиз болуп көрүнөөрүн аныкташкан. Ал эми кыздар үй-бүлөлүк өмүрдүн кандай болоорун алдын ала билишет экен. Мындан тышкары, көбүнчүлүк аялзаты ажырашууга сунуш жасай турганы аныкталды.

Комментариев нет:

Отправить комментарий

Популярные сообщения