Туулган жери – Кара-Көл
Билими – журналистика: ТВ, радио, кино
Хоббиси – лыжа тебүү, велосипеддер, музыка, фитнес
Кайсы тилдерди билесиз? Кыргызча, түркчѳ, англисче.
1. Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
Мен алган билимим боюнча журналистмин, студенттик кезимде кино тармагында активдүү болчум, кѳп эл аралык мастер-класстарга катышкам, бирок эки даректүү кыска метраждуу тасма менен менин кинокарьерам токтолуп калган. Азыр болсо PR тармагында иштейм, жагымдуу иш менен алектенем.MegaCom уюлдук компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча башкы адисимин. Дүйнѳдѳ, Кыргызстанда уюлдук нуктада болуп жаткан процесстерге, ѳзгѳрүүлѳргѳ кѳңүл бурам, түрдүү аналитикалык ж.б. маалымат макалаларды даярдаймын. Ар кандай кишилер менен жолугуп ,ѳз ара кызматташабыз, долбоорлорду мыкты даражада ишке ашырабыз.Мунун баары мен үчүн аябай кызыктуу.
2.Кыргыз тилин кантип, кайдан үйрөнүп алдыңыз эле?
Университетте окуу процесси эки тилде ѳтөт эле – кыргыз жана түрк тилинде. Биринчи курска ѳткѳнгѳ чейин ,адегенде, бир жылдык даярдоо курстарыга катышканмын. Мындайча айтканда, Туркиядан, Казакстандан жана бир нече СНГ ѳлкѳлѳрдѳн келген студенттер менен эртеден баштап кечке чейин тилдин ѳзгѳчѳлүктѳрүн терең өздөштүрүп,үйрѳнгѳнбуз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, «Манас» университетиндеги бизге таалим-тарбия берген мугалимдердин баарына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Менин оюмча, ѳзгѳчѳ ошол университетте кыргыз тилин үйрѳнүү боюнча эң жакшы, эффективдүү программа окутулат. Тилди үйрѳнѳм десеңиз «Манаска» барышыңыз керек.
3.Көбүнчө кайсы тилде баарлашасыз?
Кѳбүнчѳ орусча сүйлѳшѳм. Бирок тааныштарымдын жана кесиптештеримдин кѳбү кыргыз тилдүү, алар менен кээде кыргызча баарлашабыз. Кээ бир орус досторум да кыргызча жакшы билишет.Алар менен дагы кыргызчадатажрыйба кылабыз, тамашалашабыз.Кээ бир тамашалар которулса да,андай эле күлкүлүү болбойт. Кыргызча болсо аябай жагымдуу угулат экен.
4.Орус кызы кыргыз тилин билгени жашоодо кандай жардам берет? Бир, эки мисал келтире кетсеңиз?
Бир жолу күлкүлүү окуя болгон, маршруткада кетип баратканда эки бала мен жѳнүндѳ кеп кылышкан: «карачы, карачы бул кызга, каякка баратат экен, ал менен чыгып кетпейлиби жана башка…», анан мен туруп «ѳтүп кетсем болобу» деп, аларды бир азшокко салып чыгып кеткем. Жалпысы, бир нече тил билуу аябай пайдалуу, дүкѳндѳ кыргызча суроо берсем, сатуучу жылмайып калат.
5.Кыргыз тилинде ойлоносузбу же орус тилиндеби?
Орусча.
6.Кыргыз тили сиз үчүн...?
Маанай кѳтѳрүп алууга кѳпүрѳ.
7.Кепти сиз иштеген тармакка бурсак. Кыргызстанда мобилдик базар кандай өнүгүп жатат?
Активдүү ѳнүгүп жатат, деп айтууга болот. Акыркы маалыматтарга караганда, биздин кичинекей ѳлкѳ боюнча азыр жылына 20 миллиарддан ашык киреше тапкан 7 оператор кызмат көрсөтөт. Жалпысынан айтканда, активдүү колдонуучулардын саны болсо 7 миллиондон ашык Ар бир киши 2-3 сим-карта, 3 телефондон колдонушу белгилүү. Үн сервистери болсо бара-бара ѳзүнүн популярдуулугун жоготуп жатат. Дуйнѳлук тенденцияга кѳңул бурсак, азыр башкы суроолор жана сунуштар скрипка – data-кызматтарда болуп жатат. Бизде да ошондой. Мисалы 2013- жылда MegaCom абоненттери бир петабайттан ашык мобилдик интернет-трафикти пайдаланышкан. Бул 1 миллион ашуун гигабайт же миңден ашуун террабайт. Быйыл бул сан эки жарым эсе кѳбѳйдү.
Толуп кеткендигине карабастан операторлор ѳз кардарларына жаңы инновациялык кызматтарды сунуштап ,кызыктырууга аракет кылышат.Ушинтип , кошумча киреше табышат. Мисалы, мен азыр мобилдик телефон аркылуу эмне гана кылбайм: алыстан коммуналдык кызматтарга тѳлѳй алам, апамдын балансын контролдоп турам, досумдун эсебинен чала алам, алардын кайда жүргѳнүн биле алам, интернетти кимдир бирѳѳгѳ белек да кыла алам ж.б….
8.Мобилдик чөйрөдөн келечектен эмнени күтсөк болот?
Жаңы ылдамдык жана аны камсыз кылган технологияларды жайылтуу – 4 жана 5G. Бул үчүн оптикалык байланыш линиясынын долбоорун аягын күтүп жатабыз. Мындан тышкары, дүйнѳдѳ “интернет буюмдары” деген түшүнүк ѳнүгүп келе жатат. Смарт технологиялары, акылдуу деп айтылуучу үйлѳр - мунун баары Интернет менен ѳнүгүп, мобилдик түйүндѳрдүн өсүшүнүнө мүмкүнчүлүктѳрдү жаратат.
10.Кыргызстанда мобилдик байланыш тартпаган жерлер да бар экени кулагым чалынып калды эле...
Кыргызстандын 97пайызын тоолор түзөт.Муну эске алуу керек. Бул шарттарда түйүн куруу иштери оңой эмес. Бардык операторлор бул багытта ѳз иш-аракеттерин жасашат. Географиялык шарттарынын татаалдыгына карабастан, алыс аймактарын уюлдук байланыш менен камсыз кылуу ар бир телеком компаниясынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Бүгүнкү күндө MegaComдун байланыш тармагы каптаган аймактарда өлкөнүн 98 пайызга чамалуу калкы жашайт, Булбайланыш операторлорунун эң жогорку көрсөткүчү. Жакын арадагы стратегиялык пландарына ылайык бул көрсөткүчтү 100 пайызга чейин жогорулатуу көздөлгөн..
11.Деги эле мобилдик операторлор кардарлардын суроо-талабын канааттандырып жатат деп ойлойсузбу?
Борбор аймактарда жашаган абоненттерди бир жагынан канааттандырат болуш керек, бирок «мыктылыктын чеги жок», деп айткандай, ар дайым жаңы ылдамдык талап кылынууда. Өлкѳбүздѳ Интернеттин жайылышына карасак,кыргызстандыктардын 70 пайызынан ашуун колдонуучуларында Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Калган 30 пайызды,албетте, Интернет менен камсыздоого талап кылынат.Бүгүнкү күндө байланышы жок абоненттердин саны дагы эле кѳп. Өлкѳнүн жарымы бүгүнкү күнгө чейин 3G-Интернетти колдоно албайт.Ошондуктан кѳп кѳлѳмдүү жумуш жасоо зарыл.
12.Кыргызстанда мобилдик интернет кандай өнүгүүдө?
Мамлекеттик байланыш агенттиги маалымдагандай (январь 2015), Кыргызстанда акыркы 6 жыл ичинде интернет колдонуучулардын саны 3 миллионго кѳбѳйдү. Кѳбүнчѳсү интернетке Бишкектен киришет экен. Татаал тоолуу географиялык ѳзгѳчѳлүктѳр себептүү региондордо жашагандардын кѳбү уюлдук интернетти колдонууда. Баса, MegaCom компаниясы бүгүнкү күндѳ уюлдук түйүндү каптоо боюнча Кыргызстанда лидер болуп саналат. Мобилдик интернеттин өнүгүүсүнө салым кошкон долбоорлорду атасак:оптикалык байланыш линиясын төшөө боюнча долбоору, 4G-технологиянын киргизүү жана ѳнүктүрүү. Эми мына MegaComдагы жакында 4Gны жайылтууну баштайт.
13.Бара-бара мобилдик байланыш бекер болуп калат деп да чыгышты...
Азыр деле бекер эмеспи :). Акыркы тенденция ушундай. Азыркы абонент так санабай,кыйналбай эле бүт баарын дүң бойдон сатып алууну каалайт, бул чындыгында ыңгайлуу. Бекер деп айтылып жаткан – бул белгилүү абонплатага тарификацияланбаган аныкталган кѳлѳмдѳ берилип жаткан минуталарды, СМС же мегабайт пакеттерди айтабыз. Бардык операторлордо ошондой пакеттербар, а кайсы операторду тандоо – бул ар кандай себептерден келип чыккан чечим: кимдир бирѳѳ тармагынын каптаган аймагына карайт, бирѳѳ компаниянын жасаган ишине, социалдык долбоорлоруна көңул бурат.Абоненттердин баары, албетте, эң биринчиден баага карайт. Менин кеңешим – деталдуу сыпаттого, жылдызчаларга, шарттарга жана ѳзүңүздүн бир айда уюлдук байланышка кеткен чыгымдарыңызга кѳңүл буруу маанилүү. Мындайча айтканда, эң ылайыктуу кызматты, тарифти тандап аласыз. Азыркы учурдабазарда атаандаштык күчтүү десек болот, операторлор ѳз абоненттери үчүн күрѳшѳт, жаңы арзаныраак сервистерди ойлоп чыгарышат, ошондуктан негизинен жаңы чыккан тариф же опция дайыма жакшыраак шарттарды сунуш кылат. Менин жакын адамдарым болсо баары Мегакомдун жаңы «Элдик» тарифине ѳтүшкѳн. Азырынча эң оптималдуу айкалышуу: баа – сапат – ылдамдык.
14.Окурмандарга кызык болсо керек, кайсы үлгүдөгү телефон колдоносуз?
Жакында Инстаграмдын колдонуучусу болгондуктан, мага жакшы камера керек болчу. Ошондуктан жана анын жупжука сырты себептүү мен Vibe X (IdeaPhone S960) тандагам.
15.Иш күнүңүз кандайча башталып, кантип аяктайт?
Жылмайуу менен, сүйүктүү кесиптештерим менен саламдашуудан башталып,коштошуу менен аяктайт.
Комментариев нет:
Отправить комментарий