05.01.2018

Эркектерге кандай азыктарды жегенге болбойт?


Image result for мужская еда


Дарыгерлер эркектерге шиш кебектен толугу менен баш тартууну сунушташат. Анткени анын кызарып бышкан кабыгында ден соолукка зыян келтирүүчү абдан көп канцероген бар.
Даамдуу куурулган тоок эти да эркектерге тыюу салынган азык-түлүктүн катарында. Окумуштуулардын пикиринде, бул азыкты көп колдонуу эркектерди “аялга” айландырып жибериши мүмкүн, анткени ал эркек гормонунун ишин бузат. Ал эми эгер капустадан жасалган салатты жеп, артынан сыра ичсеңиз, “аялга” айландым дей бериңиз. Баса, сумо балбандары мелдеш алдында бир гана тоок этин жешет экен.
Чучук (колбаса) кошулган бутербродду жакшы көргөндөр да сак болушу керек. Ак нан эркектин күчүн алсыратса, чучуктун курамында жүрөктүн иштешин начарлатуучу көптөгөн канцероген менен туз бар.
Эркектер жалбыз кошулган чай менен сагыздан дагы баш тартышы керек. Себеби, жалбыз денени тынчтандырып, эркектин кубатын төмөндөтөт. Эркектердин ден соолугуна тамак гана эмес, ага кошо жашоо мүнөзү таасир эте турганын айтышат.
Ошентсе да, тамак организмдин жалпы  тонусуна жана ар бир курактагы адамдын маанайына таасир этүүчү маанилүү факторлордун бири болуп саналат.

Комментариев нет:

Отправить комментарий

Популярные сообщения