05.01.2018

Серепчи: Өзбекстандын ачылышы Борбордук Азиядагы бардык аймактык балансты өзгөртөт


 
Жылдын аягында анын жыйынтыктары тууралуу сөз кыла турган убакыт болот. 2017-жыл Борбордук Азия үчүн маанилүү жылдардан болду: Өзбекстан өз багытын чоң ачылыштарга карата бурду, ал эми Европа аймакта адам укуктарын коргоону төмөндөттү. Европалыктар Борбордук Азия кандай долбоорду ишке киргизгени жатат жана ага Ооганстандын кандай тиешеси бар? Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын өтүшү Кыргызстандык эмгек мигранттарына кандай таасир этет? Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешинин мүчөсү, саясат таануучу Денис Бердаков жооп берди.  
- Сиз, Борбордук Азия үчүн 2017-жылдагы негизги жыйынтыктар деп кайсыларды белгилейсиз?
- Биринчи кезекте, бул Өзбекстандын ачылышы. Өзбекстан буга чейин өлкө ичинде колдонулуп келген күчтөрдү жана жүргүзүлүп келген индустриялаштырууну өлкөнүн сыртына чыгарып, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан менен болгон соода-экономикалык жана өнөр жайлык өз ара мамилени активдүү өнүктүрө баштады. Ошол эле учурда, ал алдын ала бул өлкөлөр ортосундагы чек ара жана саясий маселелер боюнча ондогон жылдар бою чогулган чыңалууну алып таштады.
Бул факт аймактык балансты биртоп эле өзгөртөт. Биз ар дайым аймак байланышта, интеграцияда болушу керек деген билдирүүсүнө күбө болуп келебиз.
Ушул жылдар аралыгында Өзбекстан өзү менен өзү болуп келсе, эми кучагын жайып отурат, өлкөдө 30 млн калк жашайт. Өзбекстан – булиндучтриялашкан өлкө (албетте, Түштүк Корея эмес, бирок КМШ өлкөлөрүнүн фонунда абдан индустриялашкан жана илимге ийкемдүү). Муну менен, жумшак тил менен айтканда, мурунку жылы аймактын лидери саналган Казакстанды таң калтырып жатат.    
Экинчи маанилүү окуя деп Сирия менен Ливанга согушканы кеткен бир нече миң адам кайра кайтып келип жатканын айтууга болот. Алар радикалдар менен жүрүп келечекте эч нерсе жете албай тургандыгын жакшы түшүнүштү. Бул чоң жана адан кызыктуу диалог, бирок ошол эле учурда кооптуу чакырык болуп саналат. Өзбекстанга карата бул негизги чакырык.  Ал жакта башталган либералдаштыруу аймактагы күчтүү жашыруун исламчылар менен кантип айкалашары кызык, алар диний маселелердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүшөбү? Бул бардык аймакка таасир берет.
Үчүнчү орунга кыргыз-казак чек ара маселесин коюуга болот. Мындай кырдаал негизинен Казакстан менен Орусиянын, Орусия менен Белорусиянын ортосунда болуп келген, бирок мындалык жайылган эмес. Азыр уланып келе жаткан экономикалык каатчылыктын шартында мындай учурлар ачыкка чыгып калды. Бир сценарий менен эч икмдин колдоосу жок иштөө керектигин баары түшүнөт. Биримдикте дагы анын оң жактарын эске алганда деле иштеп турган учурлар абдан көп, биринчи кезекте – элиталарга тиешелүү.     
Өзбекстан менен Тажикстан бул кырдаалды байкап көрүштү: кошулууга болобу, мындай оор кырдаалга Москва кандай мамиле кылат. Алар көпчүлүк учурда транзит боюнча ошол эле Казакстандан көз каранды болот. бул кырдаалдын дагы бир ракурсу бар – бул Өзбекстан менен Тажикстандын эмгек мигранттары жөнүндө, айыл-чарба азыктары менен камсыз кылуу тууралуу Орусия менен түз сүйлөшүп алышкан.
Мындай суроо пайда болот: эч жакка кошулбай туруп, эмгек мигранттарынын маселесин жөнгө салуу үчүн орусиялык аскердик жардам, грант, насыя алууга мүмкүнбү?
Ошондой дагы төртүнчү учурду бөлүп алалы: Борбордук Азияда европалык түзүмдөр тездик менен активдешип кетти. Ошол эле учурда, адар күн тартибинен адам укуктарын алып салышты. Өзбекстанда жана Кыргызстанда укук коргоочулардын иши тездик менен кыскарып кетти. Бир жыл ичинде Тажикстанда жана Кыргызстанда ЕККУ миссиясынын статусу төмөндөдү. Чамасы европалыктар Борбордук Азиянын беш өлкөсүнө Ооганстанды кошуп, чоң экономикалык регион түзүүнү каалап жатышат окшойт.
- Адам укуктарын коргоо маселеси боюнча дооматтарын кыскарткандан тышкары, Европанын активдешүүсү дагы эмнеден байкалып жатат?
- Алар акчага басым жасашат, медиа долбоорлор, экологиялык программалар,  көбүрөөк ишке кирүүсүн каалашат, аймктык конференцияларды көп өткөрө башташты, мисалы, Самаркандда жакында эле конференция болуп өттү. Аларга бирдиктүү Борбордук Азияны түзүү, 1990-жылдары түзүлгөн долбоорду кайрадан жаңыртып алып чыгуу кызыктуу. Бул үчүн алар байланыштарынан жана буга чейинки күн тартибинен да баш тартып жатышат.
- Ооганстан менен байланыш түзүү аймак үчүн кооптуу экени Борборук Азия өлкөлөрү тарабынан кандай кабыл алынат?
- Европалыктар үчүн Ооганстан деле, Кыргызстан деле башаламандыктын аймагы болуп саналат. Алар эгер бул аймакты сооданын эсебинен байланыштырып, элдин жашоо-тиричилигин жакшыртса, анда адамдар демократияны, адам укуктарын, жарандык коомду жактап жактап чыгат деп ойлошот.  
Борборук Азияда Ооганстан менен жакындашууну эч ким каалабайт. Өзбекстан аларга жол куруп берүүдө. Бардык өлкөлөр алар бир нерсе сатууга кызыктар, өзгөчө кытайлар – анткени, алардын сата турган нерсеси бар. Ооганстан кимден болбосун бир нерсе сатып алууга дээрлик даяр эмес. Өзбекстандан башкасы, анын өнүккөн өнөр жайы бар, алар өнөр жай жасалгаларын сатууга даяр. Бирок, жалпысынын Ооганстандын акчасы жок экенин баары түшүнөт. Анын үстүнө ал жакта коркунуч туудурган экстремисттик отряддар бар.  
- Сиздин көз карашыңызда, 2018-жылы Борбордук Азиянын өнүгүүсүн кайсы окуялар аныктайт?
- Оң жактарын айта турган болсок, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун биринчи баскычынын курулушунун башталышы жөнүндө келишиимге кол коюлса, жакшы болмок.
Терс жактарын айта турган болсок, эгер Сирияда Ислам мамлекетин толугу менен жок кылышса, радикалдар өз ишмердүүлүгүнө Түндүк Ооганстанга орун которушат. Ал жакта алардын туруктуу жайгашуусуна ыңгайсыз болот, ошондуктан убактылуу гана тура алышат. Андан кийин эң оору согушкерлердин Борбордук Азияга орун которуусу болот.  
Кыргызстандын өзүндө өнөр жай өндүрүшү өсүп жатат, жай болсо дагы Орусиянын рыногуна чыгып, жалпы элдин абалын жакшыртып жатабыз. 2018-жылы Кыргызстан экономиканын өсүүсүн күтүүдө. Бирок, маанилүү учур эмгек мигранттарына тиешелүү. 2018-жылы Орусия футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Анын менен катар эмгек мигранттарына болгон басымдын биринчи толкуну күч алат.
Эгер ошол эмгек мигранттарынын бири эле экстремизм коркунучун жаратса, экинчи толкун, басым күчөп, орусиядан чыгарып салуулар башталат. Катуу негативдүү басым Тажикстан менен Кыргызстанга көрсөтүлөт, анткени Кыргызстанда уруксат берилген диний топторго орусияда тыюу салынган. Ага ылайык, Орусия жумушка орношууда кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бул дагы аймакка терс таасирин тийгизет.

Комментариев нет:

Отправить комментарий

Популярные сообщения