06.01.2018

Асель Минбаева: Кара далы бойдон калуу коркунучунда турган бишкектик кыздардын жети түрү

Асел Минбаеванын пикиринде айымдар үчүн уюштурулуп жаткан түрдү тренингдер – жарандардын акчасын тартып алуунун дагы бир маданияттуу жолу. Асел турмушка чыгууда анык кыйынчылыктарга туш болуучу бишкектик кыздардын тизмесин даярдады.
Ар бир адамдын жок эле дегенде ушундай бир таанышы бар. Баса, турмушка чыга албаган кыз дайыма эле мурду бучук, буту кыйшык же тиши арсак болбойт. Мен тааныш жигиттерден аларды кандай кыздар чочулатарын сурап кызыгып көрдүм. 
1. Жетекчи кыз. Келбетине дайым көңүл буруп, чачынан бутунун тырмагына чейин кычырап, ошол эле учурда иштин майын чыгарган адамдар болот. Менин ушундай бир таанышым бар эле. Качан көрсөң, азыр сахнага чыкчудай — оозу жалтылдата, кирпиги ийиле боёлгон. Машинасы күлгүн кызыл эмес, чыныгы "тулпар". Кыскасы, тигиниси-мунусу жок эле, өзү сатып алган. 
Ал бир акчалуу компанияда жакшы орунду ээлейт. Карамагында бештей киши бар. Жеке бактысына жеткен эмес, эми анын кереги деле жоктой. 
Бирок акылы ашып-ташып турган айым менен дайым эле жөн салды сүйлөшө албайсың. Бир да эркек Улуттук банктын акча-насыя саясатын түшүнүүдө катасын көрсөтүп, ал жасаган сөзүн быт-чытын чыгара сынга алган айымга ашык боло койбойт. 
Мейли, ал айымдын айтканы миң жолу туура болсун. Адатта сын-пикир лекция түрүндө болуп, тиги айым чокой чыгарган заводдо айлык берер күнкү башкы бухгалтердин сөзү менен чабуулга өтөт. 
Дагы бир жери: бул өткүр айымга иши кылып эркек сөрөйдүн кереги жок. Альфа-эркектен кем болбошу керек. Андан акылдуурагы болсо андан бетер жакшы. Бир жаман жери, андай эркектерге "төгөрөгү төп келген" сулуудан көрө жолдун ары жагындагы кафенин официанткасы деле жетет, сулуу-сымак, жашыраак болсо болду. Ошентип, жетекчи кыздын чыныгы сүйүүгө жетем деген мүмкүнчүлүгү нөлдөн бир аз төмөнүрөөк.
2. "Чайка" кыздар. Турмушка чыгыш үчүн чыныгы мындай канайымга эч нерсе кылуунун кереги жок. Муну ал бала кезинен эле билип алган. Сага буюрган эркек сени менен түбөлүк баш кошуш үчүн тоону томкоруп, ойду омкоруп, кыйынчылыктарды жеңип сага жеткиче, сен чачыңды сылай тарап, чымчыктар менен кошо ырдап, мүнөтүнө 9000 миңден ашык селфи жасап отура берсең эле болду. 
Мурда эл колунда бар-жогуна жараша жек-жаатка бөлүнүп, өзүң ак сөөктөрдөн болбосоң, малчыга күйөөгө чыгуу өөн эмес эле. Кептин баары ушунда. Ханзаданы тилеп кыялданышкан да эмес. Анан эле баары аралашып кетип, ханзадалар кол сунса жеткидей болуп калышпадыбы. 
Мындай кыздар өз талабын төмөндөтө турган түрү жок. Байлардын балдарын бешиктен бели чыга электе эле талап кеткени аны кейитип да койбойт. Баса, андайлар Инстаграмда отурбайт, алардын жүрөгүн эриниңди жалтырата боёгон жаңы боёк менен козгой албайсың. 
Бул типтеги кыздар картайганга чейин маршрутка күтүп аялдамада турат да, эбак эле бентли ойлоп табылса, эмдигиче Фольксваген айдап жүргөн байкуштарды ушундай бир жипкирип карайт дейсиң… 
3. Хатико-кыз. Анын бөтөнчөлүгү – эч качан таанышпайт. Апей, уят эмеспи! Ал жыл санап жалгыз сүйүүсүн күтөт. Бирок дал ошол сүйгөнү ага жакындап бара албайт. Кээ бир учурда мындай абал кыздын өзүнө жагышы да мүмкүн. 
4. Аңчы-кыз. Бул айымдар "Салам, менин атым Айжан, мен экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуздагы бисквит торт болушун каалайм" дегендерден. Башкача айтканда, "капканга" түшкөндүн чегинерге жолу жок, ошон үчүн ал тиги ашыгы үйлөнүү үлпөт көйнөгүн сатчу интернет-дүкөнүндө өтө эле ашыкча асылып отурганын байкар замат, алды-артын карабай качып кетет. Аңчы кыз андан кашаңыраагын деле издебейт. 
5. Ак сөөктөрдөн чыккан кыз. Ага ашык болгон жигит ата-эненин сынагынан өтүшү керек. Болгондо да акылы, турак-жайы жана анча эски эмес унаасынын болушу аздык кылышы да мүмкүн. Сизди ата-тегиңиздин аты чыкпаганы үчүн күйөө балалыкка жаратпай коюшу толук ыктымал.
Мындай таанышууга караганда Гуглдун топ-менеджерлигине маектен өткөн оңой болот. 
6. "Боору оорукчан" кыз. "Ал менсиз талаада калбайбы!" — деп Тереза эне сыңары бышактап коюп эле, сүйгөнүнүн көзүнө чөп салганына, кылык-жосундарына, бир очоктон от тутантып бүлө куралы дебегенине чыдап жүрө берет. 
Кайсы бир убакта бул "мээрмандан" тажаган эркек башка бирөөнө ооп кете берет. Турмуш көрсөткөндөй, ал өлбөй-житпей эле күн көрүп кетет.
7. Пилорама-кыз. Күңкүлдөп эле кулак-мээни жей берген мындай кыздарды сиз деле билесиз да, туурабы? Болор-болбос нерсеге эле "бу-бу-бу" дегенден тажабайт. Аны Сейшел аралдарына алып барсаң да, "номерде керебет феншуй боюнча коюлбаптыр" же "устрица жакшы куурулбай калган окшойт" деп заматта мээңе чай кайнатып коёт. Кыскасы, жаның барбы, кач! 
P.S. Кыздар, көңүлүңөргө жакын албагыла. Мен оюмдун түпкүрү түшүнүктүү болсун деп атайылап апырта айтып жатам. Мына, эми азыр редакциянын пикири автордун көз карашына төп келбеши мүмкүн деп жазып коюшат. 
Автордун пикири редакциянын көз карашына төп келбеши мүмкүн
_________________________________________________________
Асель Минбаева - Сибирде төрөлгөн. Суукка чыдай албагандыктан Бишкекке келген. Саясаттан оолак журналисттердин катарын толуктайт.

Той өткөрүү үчүн алынган карыздар



Той өткөрүү үчүн алынган карыздар


Өлкөбүздөгү өткөрүлүп жаткан үлпөт тойлор акыркы убакта терс пикирлерди, карама-каршы  түркүн ойлорду жаратып келет. Анын себеби бул иш-чарааларга сарпталып жаткан акча каражатында жатат.
Ар кандай сурамжылоолорго таянсак, орточо эсеп менен өлкө жарааны бир чакан той өткөрүү үчүн жүз миң сомдон ашык коротот. Белгилеп кетчү жагдай, бул көрсөткүч эң эле орточо алынган баа.
Бир нече күнгө созулган, өтө шаңдуу тойлор коомдо кадимкидей көрүнүшкө айланган. Бул кыргыздын өтө маанилүү каада-салттарынын бири болуп саналат.
Алардын чыгашасын эч бир мамлекеттик мекеме көзөмөлдөбөйт. Анткени, кандай машстабда жана кандай суммадагы акчага той өткөрүү - бул ар бир жараандын өз эрки, каалоо.


Балким, ошондуктан улам бири-бирин аша чаап, үлпөт-тойлорду мелдешке айлантып жатышат.  Чоң ресторанды ижарага алып, көрктүү, мол дасторкон даярдап, ал түгүл, тойго жылдыздарды чакырып, эң аз дегенде, төрт жүздөй конокту сыйлаган-азыркы убактын кадимки көрүнүшү.
Бул абал өзүнчө тымызын коомдо кабыл алынган мыйзамга да айланган. Андан ашып түшсөң, жаңы той рекордун коесун да, эл арасында "Ме, сага көрдүңбү! Укмуш той, байлыкты камдап алган экен”, же болбосо устукан, белектер азыраак берилип калган коноктор “жеп алган тура, отурбайбы зыңкыйып, кантсе да аткаминер да” деген сөздөр да көпкө чейин айтылып жүрөт.
Ал эми элде кабыл алынган коомдук мыйзамдан айырмаланып, тойду чакан кылып, жүздөй конокту айтып, аз эле акча жумшап өткөрсөң, анда “кыйын абалда го, алы жеткен эмес окшойт” деген пикирге туш болосуң.
Андан тышкары, той кылганыңды билген, бирок ага чакырылбай калган сыйлуу конокторуң да кийин өз учурунда бул кылыгыңды сөзсүз түрдө эстетип коюшат. А бирок, байкуш колунда жок адамдар эмне кылсын? Же болбосо кыйын абалда болгон жараандар элге теңелем деп абалын андан да татаалдаштырып алышат.
Бир гана “Эл эмне дейт?” же болбосо эң опурталдуу “Ай, эртең элдин арасында кантип жүрөм? Уят болом го!” деген көз караштар бүгүнкү күндө көптөгөн көйгөйлөрдүн себеби болуп жаткатдай.


-Ошондой көйгөйлөрдүн бири-бул той өткөрүү үчүн банктан алынган насыя.
Күздө чоң баламды үйлөндүрдүк. Той үчүн банктан төрт жүз миңдей карыз алган элем. Карызды доллар менен келишип алганмын. Азыр доллар көтөрүлүп жаткандыгынан улам кредиттин пайыздарын төлөй албай калдым.
Үй-бүлөм чоң. Үч уул, бир кызым бар. Уч уулумдун баары студенттер. Өзүм мугалим болуп иштейм. Жубайым болсо бала бакчада. Азыр оор абалда калдык. Ошондуктан чоң уулумдун окуусун токтотуп, аны Оруссияга жөнөттүк.
Айылда жер үлүшүм бар эле. Аны сатып,төлөйүн деп ойлогом. А бирок, ал да көп убактан бери сатылбай жатат. Чынында эле тойго көп акча короттук. Анан эмне кылат элек. Улуу уулум болсо, анан да биринчи жолу чоң үлпөт өткөрүп жатсак...
Жоро-жолдоштордун, туугандардын баарын чакырбасак да болбойт. Аларга татыктуу дасторкон жайып, белек бериш керек. Эми экинчи баламдын тоюн чакан кылып эле өткөрөбүз го. Бул пикириме балам да кошулат. Анткени, кыйналып жатканыбызды көрүп, өтө сарсанаа болуп жатат.
Бирок, жубайым экинчи баламдын кайын-журту  “Биринчи баласынан экинчисин кемсинтип, андан акчасын аяшыптыр” деген сөз чыкпайбы деп өзүнчө сарсанаа. Баягы эле “эл эмне дейт” деген түбөлүк көйгөй.

Азат Усубакунов: “Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн 5-6 жылдык эмес, 20-30 жылдык стратегиялык пландарды түзүү керек”

Кыргызда беделдүү жигиттерибиз абдан көп. Алдына койгон максаттары менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырып, жөн эле кыдырбастан билим алып, андан тажрыйба топтоп, алган билимин Кыргызстандын келечеги үчүн жумшоого аракет кылып жүргөн жаштардын бири – Азат Усубакунов. “Асыл таштан, акыл жаштан” демекчи, бул жигит өзү тууралуу айтып берип, көргөн билгендери, максаттары, Кыргызстандын келечеги жөнүндө оюн ортого салды.
Азат тууралуу...

Азат Бишкек шаарында туулуп өскөн. Дилгир бала болгондуктан мектепти артыкчылык менен аяктаган. Бир катар окуу жайлардын ичинен КРнын президентинин астындагы башкаруу академиясын тандап, экономика жаатында билим алган. Кезегинде ар кандай коомдук иш-чараларга катышып, эл аралык конференция, семинарларда өз позициясын активдүү билдирип келген. Окууну аяктаган соң, алган билимин тереңдетүү максатында атайын долбоорго катышып, анын негизинде учурда Прага шаарында финансы тармагы боюнча билим алып жатат. Спорттун футбол, баскетбол түрлөрүнө кызыгат.

-Азат, учурда чет өлкөдө билим алып жатыптырсың. Ал жакка өзүң барып окуп калдыңбы?

-Биз окуган Кыргызстандагы академиянын билим берүү системасы аябай жакшы эле. Студенттер арасында билим деңгээли боюнча ачык конкуренция жүрчү. Башкача айтканда, жең ичинен ар кандай иштерди бүтүрүүгө мүмкүн эмес болчу. Ал жактан окууну аяктагандан кийин, окуу жайда өткөрүлгөн атайын долбоордун негизинде сынак уюштурулуп, алган билимимди тереңдетүү максатында ал сынакка катышып, анын негизинде Прага шаарында билимимди улантып жатам.

-Чет өлкөдө Кыргызстан тууралуу кандай ойдо?

-Мен бул жактын элине, чогуу окуган досторума Кыргызстан тууралуу сыймыктануу менен айтып берем. Өзүм шаарда туулуп өссөм да, жайкы эс алууларды Нарындын жайлоолорунда өткөрдүм. Бул жактагыларга сүрөттөрүмдү көрсөтсөм, жаратылышыбыздын кооздугуна, тазалыгына абдан кызыгышат. Анан да жеген тамак-ашыбыз табигый болгондугу да суктандырат. А биз колдо бар байлыкты баалай, колдоно билишибиз керек.

-Учурунда сен сыяктуу эле чет өлкөдөн көптөгөн улан-кыздар атайын мамлекеттик программалардын негизинде билим алышкан. Алар кайра келип Кыргызстан үчүн иштейт деген үмүт бар болчу. А бирок, аларды азыр мамлекеттик кызматтардан байкоого мүмкүн эмес. Бул боюнча кандай дейсиң?

-Мага берилген чет өлкөдөн билим алуу мүмкүнчүлүгүн карыз катары түшүнөм. А карызды убакты-сааты чыкканда кайтаруу керек, туурабы? Мен бир эле муну менен токтоп калбайм. Анткени азыр изденүүнүн үстүндөмүн. Бул окууну аяктагандан кийин, илимге кызыккандыктан, андан ары дагы улантсамбы деген оюм бар. Демек, мен бул жактан эмнени үйрөнсөм, эмнени көрүп-билген болсом, топтогон тажрыйбамдын баарын келечекте Кыргызстандын жакшыруусу үчүн колдоном. 
 
-Мекенден чет жака чыккан кезде гана, сырттан караган адамга Кыргызстандын кадыр-баркы, артыкчылыгы менен кошо кемчилдиги байкалат эмеспи. Ал эми сенин эмнелерди байкай алдың?

-Биздин өлкө кооз. Табияты таза, аны менен кошо жеген азык-түлүктөрүбүз да таза. А бул жакта болсо ошонун баары жокко эсе, болсо да, табигый деп баасы жогору болот. Аны менен катар, албетте, бир нече кемчилдиктер бар. Чет жакта жүргөндө, ошол өлкөнүн бийлигинин, мамлекеттик органдарынын, ири компаниялардын иштөө системасын көрүп кызыгасың, салыштырасың. Анан, өзүңдө да өлкөм үчүн деген идеялар пайда болот. Аларды ишке ашырууда эмнеден, кантип баштоо керек деп көп ойлоном.

-Ошондо, сенин оюңда, Кыргызстанды алдыга жылдыруу үчүн ишти эмнеден баштоо керек?

-Биринчиден, бийлик менен элдин ортосундагы аралыкты азайтуу керек. Себеби, эл менен жакын болгон кезде, бир топ мамлекеттик жумуштар артта калып калат. Экинчиден, башкаруу системасын ичинен өзгөртүү керек. Башкача айтканда, бир катар реформаларды жасоо зарыл. Үчүнчүдөн, ошол эле реформаларды экономикада да жасоону талап кылат. Себеби, экономиканы көтөрүүчү долбоорлор, туруктуу иштеген ишканалар, жумуш орундар жок болгон үчүн, учурда кыргыздар чет жактарда жүрүшөт. Кирешеге караганда чыгаша көп.

 -Учурда ММКлардан бир катар серепчилер Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке бир дагы көзгө көрүнөрлүк проекттери жок кирип алды деп жатышат. Бул боюнча эмне дээр элең?

-Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү бир эле күндө чечилген эмес. Кыргызстандын алдына койгон максаттары, пландары бар. Болгону ошолорду ишке ашыруу гана керек. Мүмкүнчүлүктөр да учурда абдан көп. Алдыда жасала турган жумуштар чоң жана татаал. Менимче, жер-жерлерде дыйкандар үчүн авто парктарды ачуу зарыл. Айыл-чарбасында эмгектенгендердин ишин колдоп, дыйкандар жана малчылар үчүн жакшы шарттарды түзүү мамлекеттин милдети. Анткени, дал ушул тармактын эсебинен да ЕАЭБте өз ордубузду таба алабыз.

Экинчиден, учурда аймакташтыруу (регионализация) системасы иштеп жатат. Андыктан, коңшу өлкөлөр менен ич ара катышып, алар жөнүндө да көп нерселерди билүүбүз шарт.

-Аны үчүн кандай кадамдарды жасоо керек?

-Мисалы, Таласта өндүрүлгөн төө буурчакты эле алалы. Таластыктар учурда өздөрү казактарга жана башка майда ишканаларга сатып жатышат. А менин оюмча, дыйкандардан өндүрүлгөн төө буурчакты мамлекет, же атайын мамлекеттик ишканалар сатып алып, анан алар башка өлкөлөргө сатса туура болот. Ал үчүн атайын долбоор түзүлүп, дыйкандарга мамлекет тарабынан сунуш түшсө, анда аларда эртеңки күнүнө ишенип, каалаган өлчөмдө өндүрө алат. Ушул эле нерсе жеңил өнөр жайына, базар системасына да тиешелүү.

Негизи, Кыргызстан кедей өлкө деп айткандарга кошулбайм. Кыргызстан – аябай бай өлкө. Ошол байлыкты иштетүүгө кыргыздардын өзүнөн идея чыгыш керек. Мисалы, Казакстан сыяктуу бир нече жылга стратегиялык пландарды түзүү керек. Азыр мамлекет 2017-жылга чейинки түзүлгөн стратегиялык план боюнча иш алып барууда. Бул өтө аз убакытка түзүлгөн. Бизде да 2030-2050 -жылдарга чейин жасала турган иштер боюнча стратегиялык пландар болсо, абдан жакшы болмок.

-Аябай жакшы ойлоруң, максаттарың бар экен. Эгер сен Кыргызстанга келип иштечү болсоң, бул жактын шартына көнө аласыңбы? Же жогоруда сөз болгондой кайра көнүп калган өлкөгө кетип каласыңбы? Себеби, бизде мамлекеттик ишканаларда айлык акы төмөн, жумушка кирүү үчүн тааныш-билиш, туугандардын колдоосу керек дегендей...

-Менин ички идеологиям – келечекте Кыргызстан үчүн кызмат кылуу, иштеп берүү. Канда кыйынчылыктар болбосун, алардын баарына даярмын. Акчасы аз болсо мейли. Азыр технология өнүккөн заман. Интернет деген бар. Кошумча каражат табуу үчүн аны менен иштесе болот. Бюджеттик жумуш менен чогуу, акча жагынан кыйналбаш үчүн, кошумча ишкерлик менен да алектенсе болот. Кыскасы, акча табуу жагынан кыйналбайм деп ойлойм. Болгону өзүмдүн максаттарымды ишке ашыруу үчүн бир гана алга жана да алга жүрүп отурмакчымын.

Ал эми чет жактарга кайра кетип калгандар боюнча айтсам, балким үй-бүлөсүн багуу максатында кетишкендир...

-Алдыга койгон максаттарың жөнүндө айтып берсең?

-Максаттарым көп. Бирок, ал максаттарды айта албайм. Сууну көп кечсе, көлчүк болот, сөздү көп сүйлөсө сөлтүк болот деген сөз бар эмеспи. Андыктан, максаттарымды, пландарымды мен сөзүм менен эмес, ишим менен көрсөткүм келет. Көп айтылган сөз ушак боюнча калат. Алдыда жасай турган ишим ачык, таза болоруна ишенем. Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн салым кошуп, тарыхында калгым келет. Жана өзүмдүн максаттарыма келечекте бүтүндөй кыргыз элин ишендиргим келет.



-Азат, кызыктуу маек куруп бергениң үчүн рахмат. Окууларыңа ийгилик каалайм. Максаттарыңдын орундалышын чыдамсыздык менен күтөбүз.

Канат Мидин уулу: "Коомубузда ийгиликке жеткен адамдар канчалык көп болсо, мамлекетибиз ошончолук күчтөнөт, өнүгөт"

Шайлоо жакындаганы, партиялар биригип, айрымдары жаштарды катарына кошуу максатында жаштар түзгөн ар-кандай кыймылдар менен бирге иштешип башташты. Деги эле алдыда боло турган парламенттик шайлоо кандай өтөт? Анда жаштардын ролу канчалык? Алар саясатка аралашуу менен мамлекетти алдыга сүрөй алабы? Бул суроолорго жоопту “Республика-Ата Журт” партиясынын жаштар канатынын лидери Канат Мидин уулу жооп берди.


-  Алдыда боло турган шайлоонун таза өтөрүнө ишенесизби?
- Күзүндө өтчү шайлоо таза өтөт деген үмүт бар. Бул биз үчүн чоң тарыхый экзамен деп айтып кетсем болот. Мына ушул шайлоодон кийин билинет биздин алдыга же артка кеткенибиз.
-  Шайлоонун таза өтүүсү үчүн жаштар кандай аракеттерди көрүп жатышат?
- Шайлоо таза өтүүсү үчүн жаштар тараптан чогу жүргүзүлгөн деле иш чараларды көргөн жокмун, бирок ар бир партиялардын жаштар канаттарында түшүндүрү иштери жүрүп жатат деген ишеним бар. Жалпысынан алганда ар бири өзүнүн иштери менен гана алек.
-  Шайлоого катышуу менен жаштар мамлекетти алдыга жылдыра алабы?
- Ооба. Шайлоо бул мыйзам чегиндеги саясий процесстерге аралашуунун жолу, ирээти. Эгерде шайлоо таза өтсө биз татыктууларды тандап алсак, мына ошол адамдар эми мойнундагы чоң жоопкерчиликти сезе билишсе менимче мамлекетибизде чоң өзгөрүүлөр болот. Бирок кайра эле баягы эски көз караштагы, алдым-жуттум деген философияны тутунган адамдар келсе эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, тескерисинче артка кетебиз.
-  Башында бийликке сын айтып, кыйкырып чыгышып эле, максаттарына жетип, бийлик тараптан жакшы сунуштар түшсө эле дымып калган жаштарга көз карашыңыз?
- Эми ар-кандай адамдар бар да. Бирөөнү сындагандан алыс эле болоюн,  эл өзү тараза, өзү сынчы. Бирок айрым мамлекетти өмүр бою тоногон, парламентке келип алып “балык” болгон депутаттарга караганда - сиз айткан активисттер бир канча мен үчүн өйдөрөөк. Анан биздин саясий система тууралуу да айтып коюш керек, биздеги түзүлүп калган саясий абал баары бир биргүүгө мажбур кылат.
- Акчасы, таанышы жок жаштар таза боюнча саясатка аралаша алабы?
-Менимче аралаша алат, ал адамдын эркине байланыштуу. Бирок бүгүнкү коомубуз ошондой адамдарга канчалык даяр? Аз болсо дагы шайлоого катышып калдым да. Бизде элибиздин бир бөлүгү адамдын денгээлин карап, же анын ой жүгүртүүсүн, программасына, буга чейин кылган иштерин карап колдобойт. Чөнтөгүнүн калыңдыгына, жердешчилик уруучулугуна карап колдошот.
-  Болсо кантип?
- Бул чоң тема, мен кыскача жооп берсем. Саясатка аралашуунун мыйзамда каралган, жана каралбаган жолдору бар. Мисалы, мыйзам чегиндеги жолдору: сен саясий партия менен бирге барасың. Бирок саясий партиянын ичиндеги ордуң кандай болот? Ал сенин чөнтөгүңө, сенин коомдогу кадыр баркыңа байланыштуу. Ошол үчүн саясий партия аркылуу аралашуунун дагы жолдору бар. Экинчи жолу бул мыйзам бузуп, революция кылуу. Бирок бизге бул жол туура келбейт. Биз аң сеизимибизде, көз карашыбызда революция кылышыбыз керек. Ошол үчүн партия аркылуу аралашууну туура көрөм.
-  Күздө боло турган шайлоодо жаштардын орду канчалык?
- Күздөгү шайлоодо ар бир партияда жаштардын орду ар-кандай. Бизде негизи коомубузда жаңы жүздөргө, жаштарга талап күчтүү. Менин билишимче Республика-Ата Журт,СДПКАта-МекенМекен Ынтымагы партиялары тизмелерин түзүүдө жаштарга басым жасашат. Бирок ошол жаштар дагы кандай критерийлер менен тандалат? Суроо ушунда.   
- Жеке сиз жаш активист катары өлкөгө кандай пайда алып келем деп ойлойсуз?
- Буюрса, баардыгы алдыда, пешенебизге жазганын көрөбүз. Бирок алдыга койгон чоң максаттарым бар. Ошолорду ишке ашырсам, өзүмө ыраазы болом. Эң негизгиси бүгүнкү күнгө чейин бирөөго жамандык кылган жокмун, уурдап бирөөнүн мал мүлкүн тартып алган жокмун. Келечекте дагы мыйзам чегинде жашап, журтума пайдалуу боло алсам мен үчүн ийгилик.
-  Бири-бирин көрө албай, арттарынан жамандап жүрүшкөн жаштар да көбөйдү. Жаш активисттер экиге бөлүнүп кеткен сыяктуу. Бул көрүнүшкө көз карашыңыз?
- Бара-бара түзөлөбүз. Кичинекей балага да оюнчук берип койсоң, башында мындай ойноп тигиндей ойноп анан кызыгы кеткенде таштап коёт. Анын сыңарындай бизге дагы сөз эркиндиги, социалдык тармактар, технологиялар эми жаңыдан жетип атат. Көз караштардын, идеялардын кагылышуусу болот. Бул нормалдуу көрүнүш, өзгөчө демократия, маалыматтык технологиялардын доорунда. Болгону Түндүк Корея, Өзбекстан сыяктуу диктатура орногон, сөз эркиндиги жок мамлекеттердеги баардык жарандардын позициясы бирдей өңдөнөт. Каалоом болгону майдаланбасак, эркек адам кичине оор басырыктуу болсо.
- Кыргызстанга кайдыгер карабагандар кандай кадамдарды жасашы керек?
- Менимче эң биринчиси биз билим алсак, өзүбүздүн деңгээлибизди көтөрсөк. Тил үйрөнүп, бизнес ачып, жаңы ийгиликтерди багындырсак. Чет мамлекеттерге чыгып жер кыдырсак, спорт менен машыгып сергек жүрсөк. Коомубузда ийгиликке жеткен адамдар канчалык көп болсо, мамлекетибиз ошончолук күчтөнөт, өнүгөт. Мына алдыңкы мамлекеттер кандай өнүгүп атышат, космосту багындырып, суу менен жүргөн машиналарды чыгарышууда. Биз өтө арттабыз, ошол үчү баардыгыбыз алдыга умтулушубуз керек.
-  Жаштарга айта турган каалооңуз. Аларды кандай көргүңүз келет?
- Биздин жаштарыбыз биринчиден мамлекетибиздин келечегине кош көңүл болбосо. “Элүү жылда эл жаңы” дегендей азыр дүйнө жүзү өтө татаалдашып кетти, өзгөрүүлөр өтө тез болуп жатат. Мына ушундай абалда биз мамлекетибизди кантип алдыңкы мамлекеттердин катарына киргизебиз, кантип коомубуздагы ынтымакты бекемдеп, терс көрүнүштөрдөн айрылабыз? Мына ушул суроолордун артында жүрсөң бара-бара жоопторун таба баштайсың, жолдорун көрө баштайсың.
-Рахмат!
-Сизге да рахмат!

Пенсиясыз калбаш үчүн эмгек мигранты эмне кылуусу керек?

Кыргызстандын ЕАЭбге кирүүсү жакындап калгандыгына байланыштуу, эмгек мигранттарын социалдык коргоо тармагында Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын перспективалары тууралуу Polit.KGге КРнын Соцфондунун эмгек мигранттарын камсыздандыруу социалдык секторунун башчысы Райхан Кенжебаева төмөнкүлөрдү айтып берди.
Бүгүнкү күнү бул мамилелерди жөнгө салуучу документ болуп КМШ мамлекеттери тарабынан 1991-жылы 13-мартта кабыл алынган пенсия менен камсыз кылуу тууралуу келишим саналат. Мындан сырткары 2013-жылы КРнын өкмөтү тарабынан Орусияда иштегендерди пенсия менен камсыз кылуучу чоң программа кабыл алынган. Ошол эле учурда КРнын Социалдык фонду КРнын жана РФнын өкмөттөрү үчүн атайын келишим иштеп чыккан. Башында биз Орусиянын Пенсиялык фонду ал өлкөдө иштеген КРынын жарандары үчүн камсыздандыруучу төлөмдөрүн бизге которуп туруусун сунуштаганбыз. Бирок алар мында баш тартып, анын ордуна каражатты бөлүштүрүүнүн пропорционалдык системин сунуш кылышты. Ага ылайык: ар бир мамлекет өзүнүн иштеген жылдарына жооп берип жана тиешелүү каражаттар камсыздандыруучу төлөм катары эмес, пенсия катары которулат. Мында сумма аз болуп калат, себеби бул жерде кеп иштеген адамдын пенсия курагына жеткени же жетпегининде болот. Өткөн жылдын февраль айында эксперттердин биринчи жолугушуусу болду. Анда Орусия тарап 1992-жылдан кийинки милдеттенмелер боюнча ар бир мамлекет пенсиянын жаран дайым жашай турган жерге которушу керектигин билдирди. Буга байланыштуу азыр биздин алдыбызда Орусияга дайыма жашоо үчүн канча адам кеткендигин билүү тапшырмасы турат. Статистика боюнча 2013-жылга чейин 963миң КРнын жарандары Орусияга жашоо үчүн кеткен. Булардын арасынан балдарды жана пенсия албаган жарандарды алып сала турган болсок, 347 миң адам пенсия курагындагылар экен. Алар үчүн 2,3млрд. сомду биз Орусиянын Пенсия фондуна которушубуз керек. Азырынча бизде бул сумма жок болгондуктан маселе ачык бойдон калууда. Бирок бул сүйлөшүүлөр менен эле биз токтоп калбайбыз. 2014-жыл толугу менен Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө даярдык көрүүгө арналды. 2014-жылдын 29-майындагы “Евразиялык эконосикалык биримдик” тууралуу келишим – өтө чоң документ. Анын 26-бөлүмү эмгек мигранттарынын статусун жана социалдык камсыздандырууну жөнгө салат, бирок пенсия менен камсыз кылуудан сырткары. Себеби Биримдикте учурда мүчө болгон мамлекеттер арасында да пенсия маселесин чечүү тууралуу биргелешкен пикир жок. Бирок азыркы учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында ушул тема боюнча өзүнчө Келишим даярдалууда. Евразиялык экономикалык комиссия өткөн жылдын акырында анын концепциясын бекиткен. Келишим ратификацияланса биз дагы бул документти талкуулоо процессине катышып калабыз деп ойлойм. Себеби биз Биримдикке киргиче сүйлөшүү процесси токтотулган.
Пенсия менен камсыз кылуудагы бирдиктүү системдин түзүлүүсү менен биз Орусияда жана башка ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жашаган биздин жарандарыбыз үчүн пенсия төлөшүбүз керек болот. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге кирсе да кирбесе да Орусия менен тиешелүү келишимди түзүп, бул жоопкерчиликтин баарын баары бир өзүнө алмак.
Биздин өлкөдө пенсия менен камсыз кылууда тилектештик системи иштейт: чогултулган камсыздандыруучу төлөмдөр дароо эле пенсия төлөөгө кетет.
Топтоочу систем менен иштешсек абдан жеңил болмок, бирок бизде азырынча ал систем калктын санынын 2 пайызын гана кучагына алат. Бул систем Казакстанда жакшы өнүккөн. Ал жакта систем 1998-жылдан бери иштеп келет. ЕАЭБдеги өлкөлөр арасындагы пенсиялык системдин айырмачылыгы да оорчулук жаратууда.
Статистикага ылайык, Орусияда иштеген жарым миллион мигранттардын арасынан 32 миңи гана Орусиянын Пенсия фондунда катталган, алардын 28 миңи гана камсыздандыруучу төлөмдөрдү төгүшөт. Орусияда камсыздандыруучу төлөмдөрдү кызматкерлери үчүн иш берүүчү төлөйт. 2012-жылдын башынан баштап төлөм 22 пайызды түзөт.
Тилекке каршы, биздин эмгек мигранттардын көпчүлүгү пенсия тууралуу ойлошпойт дагы. Ал эми биз бул тенденцияны жок кылуу үчүн көп аракеттерди көрүүдөбүз. Мисалы, былтыртан бери Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде бирдиктүү терезе принцибине ылайык Соцфонддун кызматкери иштейт, ал элдерге Соцфондго төлөм төгүү керектигин түшүндүрөт.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасындагы азыркы даярдалып жаткан документке ылайык, социалдык камсыздандыруунун бардык түрлөрү иш берген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Мисалы мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга келип иштей турган болсо анда ал жарандар убактылуу келишкендиктен эч нерсе төлөшпөйт, ал эми иш берген ишкана 3%, төлөшү зарыл. Ал эми Орусиядагы биздин жарандар камсыздандыруунун ар кандай түрүн төлөшү мүмкүн жана төлөм көбүрөөк болот.
Ал эми пенсия менен камсыз кылуу тууралуу айта турган болсок, анда биз ЕАЭБге киргенден кийин пенсия менен камсыз кылуу үчүн макулдашуу процесси жүрөт, жана ал көпкө созулушу ыктымал. Эгерде жогоруда сөз болгон Келишимде пенсия ала турган адамдын иштеген жылдары гана санала турган болсо, анда албетте жеңил болмок. 

Марс Черикчиев, эксперт: “Бир аз акчага сатылып кеткен добушубузга 5 жыл бою өкүнүп калышыбыз мүмкүн”

Шайлоо жакындаган сайын шайтан оюндар башталып, саясатчылардын арасында чоң жарыш башталганы көрүнүп эле турат. Ал эми шайлоону биометрикалык каттоодон өткөндөр үчүн гана болорун айткан өкмөт даярдык күч экенин билдирүүдө. Ушул эле биометриканын айынан Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев болсо акимдерге эмгек өргүүсүн алууга да тыюу салып салган убагы. Алдыдагы шайлоо кандай өтөрү, Кыргызстан биометрикалык маалымат менен шайлоо өткөрүүгө канчалык деңгээлде даяр экендиги тууралуу эксперт Марс Черикчиевге суроо салдык.


- Алдыда боло турган шайлоодо биометрикалык маалымат тапшырбагандар катышпай турганына көз карашыңыз кандай? Бул кадам адам укугун чектөөгө жатпайбы?
-Бул маселе шайлоого жакындаганда жана шайлоо маалында абдан көтөрүлөт го деген ойдомун. Ошондо партияга чуркап иштеп жүргөндөр – “биздин шайлоочуларыбыз өз добушун  бере албай калды” деген нааразычылыктарын айтышы мүмкүн. Баары мыйзамдын чегинде болуш керек. Ал эми мыйзамга каршы чыгып, мыйзам чегинде жарандарды шайлоого катыштырбай койсо, анда бул маселени кайра талкуулап  БШК тарабынан бир жыйынтыктап берген жооп керек.
- Кыргызстан учурда биометрикалык маалымат боюнча шайлоо өткөрүүгө канчалык деңгээлде даяр деп ойлойсуз?
-Бул маселени тийиштүү органдардан – негизи өкмөттөн сураса туура болот го дейм. Негизи ММК аркылуу даярбыз деп жарыяланып жатат.
-Биометрикалык маалымат тапшырбагандардын шайлоого катыша албастыгы добуштардын сатылышына жол ачпайбы?
-Негизи эле шайлоо келген учурда өзүбүздүн добушубузду сатпаганда гана биз туура чечим кабыл алган болобуз. Себеби бир аз акчага сатылып кеткен добушубузга 5 жыл бою өкүнүпкалышыбыз мүмкүнАнан 5 жыл бою депутаттарды урушабыз,качан булар жашообузду оңдойт?” деп. Ошону үчүнтуура добуш берип, чын ниеттен иштеп берем деген адамдарды шайласак, ошондо гана мамлекетибизди оңдой алабыз. Негизи эле шайлоого болгон көз карашыбызды оңдошубуз керек
- Биомтерикалык маалымат аркылуу шайлоого катыша турган болсок бул кадам өлкөгө ашыкча чыгым алып келбейби? Мисалы атайын жабдыктар керек болуп дегендей...
-Шайлоо таза жана айкын  өтсө андатуура жолго түшкөнүбүз. Андан эч качан аянбашыбыз керек. Шайлоо ачык айкын өткөн болсо, бул кетирген чыгымдар анда миң жолу кайрылып келет.
-Шайлоодо кайсы партиялар алдыга озуп чыгат деп ойлойсуз?
-Бул шайлоого менини үмүтүм чоң. Негизи эле жаңы жүздөрдү,жаштардын клегенин каалап отурам. Андан дагы өз ишин билген патриот жана бир кесипти профессионал болуп аркалаган адамдар келсе абдан кубанам. Азыркы учурда көп эле чоң олутуу партиялардын тизмесин карасам – бары эле баягылар экен. Жогоруда айтып өткөндөй жаңы жүздөрдү, жаңы адамдарды көргөнжокмун. Негизи эле азыр шайлоодо баягы эле үч чакырылыштадепутат же министр болгон агаларыбыздын тобу өтүп калат экен. Ар бир жарандын жашоосунда парламенттин ролу чоң. Ошон үчүн мага тийешеси жок деп отурбастан, айрыкча жаштар ушул шайлоого активдүү катышып, өзүлөрү талапкер болуп барып же жок дегенде туура добуш берип  саясатта чоң роль ойнош керек.
 -Шайлоо таза өтүшү үчүн эмне кылуу керек?
Шайлоо таза өтүш үчүн жарандык коом партиянын өкүлдөрү мониторинг жүргүзүшү керек. Жана дагы заманбап технологияларды колдонуу керек. Ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаны дагы карап, сабак алуу зарыл.

Ширин Дубанаева: “Кыргызстанда бизнес баштоо оңой, башкысы туура максат коюш керек”

Кыргызстанда жаштар үчүн бизнес баштоо канчалык оор? Деги эле бизнес баштоо үчүн кандай тепкичтерди басып өтүү керек? Бул суроолорго бизнесмендерге кеңеш берип, жардамын аябаган Башкаруу кеңешчилер институтунда коммуникация жана PR менеджери Ширин Дубанаева жооп бермекчи. Ширин Дубанаева учурда бул мекемеде гана иштебестен жеке бизнесин да ачып, аны өркүндөтүү аракетин көрүп жүргөн чагы.



-Сиздердин компанияга бизнес баштоо боюнча жаштар көп кайрылабы?

-Ооба, мага жеке кайрылгандар болот суроолору менен, андан сырткары, биздин уюмга кайрылган жаштар да жок эмес. Биз жаштар менен көп иштейбиз. Мисалы Startup Weekend, Business Brain Bustersсыяктуу долбоорлордо жаш стартаперлер (жаңы бизнес баштаган адам) менен иштешип, кеңеш беребиз. Ошондой эле бизге тажрыйба алууну көксөп келген жаштардын да саны арбын. Мен азыр Башкаруу кеңешчилер институтунда коммуникация жана PR менеджери болуп иштейм. Биздин мекеме бизнесмендерге жардам жана кеңеш берип келет.


- Кыргызстанда бизнес баштоо үчүн кандай шарттар бар?


- Бизде бизнес баштоо оңой. Башка өлкөлөргө караганда көп жеңилдиктер бар. Мисалы, патент менен иштесең болот. Патент менен жумуш баштаганда көптөгөн салыктардан бошотулуп, акчаларын үнөмдөп алышса болот.


 -Жаңы иш баштайм деген жаштарда кандай кыйынчылык жаралышы мүмкүн?

- Кыйынчылыктар албетте бар. Бирок, максат коюп жумуш баштасаң көп кадамдарды таштап алга умтуласың. Бизде көпчүлүк жаштар акыркы максаты жок эле башын баштап, кийин таштап коюшат. Ошондой эле пландоону да унутпаш керек. Жана ошол иштин ишке ашуу мөөнөттөрүн так билсе, жыйынтык да жакшы болот.


-Учурда бизнес баштагысы келип, бирок эмнеден баштарын билбей жаткандар көп эмеспи, деги эле бизнес баштоо үчүн эң алгачкы кадам эмне болушу керек?

- Мен дайыма айтам "күтпөгүлө эч нерсени, өзүңөр кадам жасагыла" деп. Инвесторду, кредитти же бир нерсе күтүп отуруп балким сезон өтүп кетет, же кызыгуу өчүп калат жана башка ушул сыяктуу себептер пайда болот. Кыскасы, аракетке берекет. Андан сырткары пландабаган жумуш баштаса, аябай көп кыйынчылыктар болот. Анткени, баш аягы жок эле иш баштаса, кийин аягында ошондой начар жемиш бериши мүмкүн. Андан сырткары эң негизги нерсе - бул жоопкерчилик. Кылган кадамыңдын жана сүйлөгөн сөзүңдүн жоопкерилигин билсең, сени менен көп адамдар иштешкиси келет жана сага ишенет.
-Каражат жагынан кыйналгандар да аз эмес. Кыргызстанда алгачкы капиталы жок бизнес баштаса болобу?
- Мисалы, мен учурда жаңы бизнес баштадым. Капиталы жок эле. Эң негизгиси таанышың көп болсо жакшы. Ар бир таанышың, досуң, кошунаң сенин кардарың. Ошон үчүн баары менен жакшы мамиледе болгон жакшы. Алгач бир эки кадам таштап, бир эки кардар таап алсаң, кийин инвестор дагы издесең оңой табасың. Бүгүнкү күндө көп сайттар жана компаниялар бар инвестор таап, жардам берген.
-Бизнес баштай тургандарга кандай кеңеш бересиз?
- Интернетте бекер убакыт коротпой, пайдалуу нерсени окуп билүүнү сунуштайм. Мисалы Forbesтин сайтында көп пайдалуу маалымат бар. Токойго жолду билбей кирип кетсең, ал жерден адашып аябай кыйналып чыгасың. Ошол сыяктуу баштай турган ишиң тууралуу бир аз сурап, анализ же мониторинг кылып баштасаң бат жыйынтык чыгат. Бирок ар бир ишке коркпой киришсе бир нече жолу адашып, анан каталардын үстүндө иштеп ийгиликтерге жетишсе болот. Экинчиден: эгер бизнесиңер сатуу жана тейлөөгө байланыштуу болсо сөзсүз жарнама керек. Ансыз болбойт. Учурда жарнама кылуу өтө оңой. Бүгүнкү күндө интернет деген нерсе сенин ичкен сууң жана жеген наның десем да болот.

Популярные сообщения